Кара-Көл: ашканадан маңзат жана курал табылды

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарындагы ашканалардын биринен  48 килограмм марихуана жана ТОП-8 үлгүсүндө сайлуу эки ок атуучу курал табылды. Бул жай 46 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык экенин облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

7-январда оперативдүү маалыматын негизинде милиция шектүү жаранды кармаган. Калган шериктерин издөө уланууда. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (RsK)