Парижде 2015-жылы болгон теракттардын курмандыктарын эскеришти

Париждеги эскерүү иш чарасы, 10.01.0216

Франциянын баш калаасында 10-январда былтыркы кол салууларда жаны кыйылган 150 маркумду эскеришти. Президент Франсуа Олланд, премьер-министр Мануэл Валс, Париждин мэри Анн Идалго баш калаада жана айланасында террорчулардын колунан каза тапкандардын урматына орнотулган эскерүү тактасын ачышты.

Туура бир жыл мурун, 7-январда "Шарли Эбдо" сатиралык журналынын редакциясындагы теракттан башталган бир нече чабуул 17 кишинин өмүрүн алып кеткен.

13-ноябрда болсо радикал исламчылар Парижде рок концерт өтүп жаткан клуб, кафелер, футбол стадионун бутага алып, 130 кишинин өмүрү кыйылган.

Ал кандуу окуядан кийин француз өкмөтү коопсуздук чаралараны күчөтүп, чукул кырдаал жарыялаган.