Борбордук Шайлоо Комиссиясы "Кыргызстан" фракциясынын эки депутаты боюнча Жогорку Сотко арыздана элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Боршайкомдун маалымат кызматынан кабарлашты. Жогорку Сот да азырынча арыз келип түшө электигин айтууда.
11-январда БШК фракциянын сунушунун негизинде "Кыргызстандан" депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованы мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыраткан. 15-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Боршайкомдун бул чечимин мыйзамсыз деп чечим чыгарган.
Райсоттун чечимине нааразы болгон Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко өткөн жума соңунда кайрылганы айтылган. (RK)