Жогорку Сот парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын эки депутаты боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөл арызын бейшемби, 21-январда карамай болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.
БШК Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Жогорку Сотко 16-январда кайрылган. Анын арызы бүгүн түштөн кийин келип түшкөн.
11-январда БШК Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынын сунушунун негизинде депутаттар Элмира Жумалиева жана Чолпон Эсенаманованы мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыраткан. 15-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Боршайкомдун бул чечимин мыйзамсыз деп чечим чыгарган. (RK)