Арменияда чочко ылаңынан улам кышкы каникул дагы узартылды

Иллюстративдик сүрөт.

Армения өкмөтү H1N1 вирусунун жайылышынан улам мектептердеги кышкы каникулду үчүнчү ирет узартты. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, өлкө аймагындагы мектептер 1-февралга чейин иштебейт.

Арменияда чочко ылаңы 1-январда аныкталып, андан бери 18 адам жашоо менен кош айтышты. Илдет тарап жатканына байланыштуу жоокерлерге да аскер бөлүктөрүнөн чыкпоо буйругу берилди.

Бул дарттан Грузияда үч адам өлгөнү 21-январда маалым болду. Андан мурун Казакстанда да бир киши көз жумганы айтылган. Чочко ылаңынан каза тапкандар Украинада, Иранда, Орусияда жана башка мамлекеттерде да катталууда. (SE)