Тунисте демонстранттар менен кагылышта бир полиция кызматкери набыт болду

Тунисте коомдук тартипке көз салып жүргөн полиция кызматкерлери.

Тунистин Касерин провинциясында жумушсуздуктун айынын башталган нааразылык акциялары бир канча шаарларда уланууда. 21-январда Фериана калаасында демонстрацияга чыккандарды таратуу учурунда полиция менен эл кагылышып, бир күч кызматкери мерт кеткенин Орусиянын ТАСС агенттиги Тунистеги маалымат булактарына таянуу менен кабарлады.

Адамдар 2011-жылдагы бийлик алмашуудан бери социалдык маселелер чечилбей, жумушсуздук улам өсүп жатканына нааразылык билдиришүүдө. (SE)