Жогорку Кеңештин депутаттары региондорду кыдырат

Парламенттин чечимине ылайык депутаттар 25-январдан тарта 29-январга чейин шайлоочулар менен жолугушуу үчүн региондордо болушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өткөн жумада парламент Жогорку Нарында төрт чакан жана орто ГЭСти, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жөнүндөгү Орусия менен 2012-жылы жетишилген келишимди денонсациялоону колдоп добушун берди. (AiT)