Бөтөлкөдөн курулган күнөскана

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 20 миң даана бөтөлкөдөн күнөскана курулду. Район тургуну Хусанбай Хайдаров бөтөлкөлөрдү бириктирүүгө 50 каптан ашык желим пайдаланган. Аны курууга эки жыл убакыт жумшаган дыйкан күнөскана жылуулукту вакуум сыяктуу кармап, жашылча-жемиштин түшүмдүүлүгү артат дейт.