Кыргызстандын аймагында ушул күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, жаан-чачын көбөйгөнүнө байланыштуу тоолуу аймактардагы жолдордо кар күрткүсү, тайгалак болот. Тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу жогору.
30-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болорун, туман түшөрүн синоптиктер маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл ойдуңунда 19-24 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5,
Баткен облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз -3...+2,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2,
Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -6...-11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21...-26, күндүз -13...-18 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, туман түшүшү мүмкүн. Түнкүсүн -5…-7 күндүз -1…-3 градус суук болот.