Премьер-министр Ички иштер министрлигинин ишин сындады

Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш солгун экенин айтып, бул жаатта аракетти күчөтүү зарылдыгын билдирди. Өкмөт башчы мындай пикирин Ички иштер министрлигинин 2015-жылдагы жасаган ишинин жыйынтыгына арналган 29-январдагы коллегиялык жыйында айтты.

Темир Сариев милиция кызматкерлеринин арасында мыйзамсыз иштерге аралашкандар көбөйгөнүн белгилеп, аны азайтуу милдетин койду. Андай жосунсуз иштин мисалы катары Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлүнүн курал сатып, колго түшкөнүн белгиледи.

Жыйында жемкорлукка каршы күрөш да көңүл жылытпастыгы, “Коопсуз шаар ” долбоорун ишке ашыруу кечигип жатканы айтылды. Сариев жол кырсыктарын азайтуу боюнча конкреттүү иш-чара иштеп чыгууну тапшырды.

Сариев өз ишин мыкты билген ички иштер кызматкерлери арбын экенин кошумчалап, былтыр ички иштер органдарын каржылоого 3,9 миллиард сом бөлүнгөнүн, быйыл каражат дагы көбөйөрүн ырастады. (SE)