Төө-Ашуудагы туннелге видеокамералар коюлду

Төө-Ашуу

Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуудагы туннелине видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Видеокамералар жолдогу абалды, аба ырайын, жол кыймылын онлайн режиминде байкап туруу үчүн коюлду. Мындан тышкары Бишкек-Ош маршруту боюнча жолго чыгууну пландаган жүргүнчүлөр үчүн алдын ала маалымат алууга шарт түзүлөт.

Долбоор мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк кызматташтыгынын негизинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Транспорт министрлиги, “Элкат” жоопкерчилиги чектелген коому жана www.smotri.kg. сайтынын администрациясы менен биргеликте ишке киргизилди. Туннелдеги абалды көрүү үчүн www.smotri.kg сайтындагы «камералар» бөлүмүнө кирип, “Төө-Ашуу - 1” жана “Төө-Ашуу - 2” шилтемесин ачуу керек. (AzK)