Ажатканага ташталган ымыркайдын тагдырын комиссия чече элек

Социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаеванын "Азаттыкка" билдиришинче, Токтогулдагы төрөт үйүндө жаткан эне-баланын абалы жакшы, энеси ымыркайын өзү эмизип жатат. Дарыгерлер алардын ооруканадан чыгуусуна уруксат беришти. Бирок Токтогул райондук балдар иштери боюнча комиссия азырынча чечим чыгара элек. Эгер баланы энесинде калтыруу чечими чыкса, анда эне-балага бир социалдык кызматкер бекитилип берилип, үйүнө барат.

Жумабаеванын айтуусунда, мыйзамда каралган айыпсыздык презумпциясына ылайык жана соттун чечимине байланыштуу ымыркайдын энеси расмий энелик укугунан ажыратылган эмес. Ал азыр укук коргоо органдарына берген сурагында баласын ажатканадан кокустан төрөп, түшүрүп алганын айтууда.

Токтогулдагы №54 үйдүн жанындагы ажаткананын түбүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай 27-январдын кечинде табылган. Анын энеси 23 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталган. Кылмышка шектүү келин бир баласы менен ажырашкандан кийин, экинчи уулун төрөп, андан баш тартууга аргасыз болгонун милицияга айтып берген эле.(AzK)