Кыргызстан ФИФА рейтингинде кайрадан жогорулады

Кыргызстан-Тажикстан курама командаларынын беттешүүсү. 8-октябрь 2015-жыл.

Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде Кыргызстан эки тепкичке жогорулап, 105-орунга жайгашты. 4-февралда жарыяланган ФИФАнын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы рейтингде үчүнчү жолу катары менен рекорд жасады. 2015-жылдын декабрь айында жарыяланган рейтингде Кыргызстан 108-катарга жайгашып 2006-жылдын август айында ээлеген 119-ордун жаңылаган. 2015-жылдын 4-декабрынан 2016-жылдын 4-февралына чейин Кыргызстандын улуттук курама командасы расмий беттештерге катышкан эмес.

Рейтингдеги жогорулоо катар ордун сактай албай калган Никарагуа жана Ливия курамаларына байланыштуу болгон. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан 71, Түркмөнстан 114, Казакстан 131, Тажикстан 148-орунда жайгашкан. Дүйнө чемпиондугуна тандоо мелдештеринде Кыргызстандын атаандаштары Австралия 68(-9), Тажикстан 148 жана Бангладеш эки тепкичке жогорулап 177-катардан орун алды. Дүйнө лидерлеринин көч башын Бельгия, Аргентина, Испания, Германия жана Чили курамалары жетектейт. (ECh)