УКМК: Сирияга азгырган эки кыргызстандык изделүүдө

Сирия.

Сирияда туруп алып мекендештерин ал жакка азгырган Кыргызстандын эки жаранына издөө жарыяланды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады. Маалыматка караганда, Талас шаарынын 1986-1993-жылы туулган эки тургуну жердештерин согуш болуп жаткан аймакка чакырып, азгырып турган. Алардын бирөө 2015-жылы аялын үч баласы менен бирге Сирияга жөнөткөн. (КЕ)