Кара-Кечедеги кандуу мушташ

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кара-Кече көмүр кенинин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери оор жараат менен ооруканага жаткырылды. Мушташ 1-февралда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, белгисиз адамдар 1986-жылы туулган Руслан Сейткуловго бычак шилтеген. Милиция мушташтын себебин териштирүүдө. Айрым күбөлөр окуяга Саяк деген каймана аттуу Мурат Кадыркулов аттуу жергиликтүү кримтөбөлдүн катышы барын айтышкан. "Азаттыкка" буга чейин көмүр кенинин Азиз Алжанбаев аттуу коопсуздук кызматкери да бычак жеп, ооруканада жатканы белгилүү болду. Улуттук хирургиялык борбордун дарыгери Жакыпбек Абдыллаев Сейиткулов 12 жолу бычак жегенин ырастады.