Орусиянын чабуулунан Алепподо 150 жай тургун набыт болду

Алеппо шаары бомбалоодон кийин

Орус аба күчтөрүнүн аткылоосунан кеминде 150 жай тургун өлдү. Алардын ичинде эл аралык Кызыл чырым уюмунун үч кызматкери бар. Ал эми шаардагы оң миңдеген тургундар качууга аргасыз болушту. Бул тууралуу БУУдагы АКШ өкүлү Саманта Пауэр билдирди:

- Тынчтык тууралуу сүйлөп, бирок согушкандын ордуна Орусия Сирия көйгөйүн чечүүгө жардам берүүгө тийиш.

5-февралдагы маалымат жыйынында АКШ мамдепартаментинин басма сөз катчысы Сириянын өкмөттүк аскерлери жана алардын союздаштары Орусиянын аба соккусунун колдоосу менен Алеппону дээрлик курчап алганын, ушундан улам шаарга гуманитардык жардам кирүүчү жол да торолуп калганын билдирген.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Сирия өкмөтүнүн аскерий аракеттеринен улам 40 миң киши үй-жайын таштап, коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болгон. NBC телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, он миңдеген кишилер Түркиянын чек арасына карай агылууда. Ал эми Франс-пресс агенттиги Сирия-Түркия чек арасында Алепподон качкан 20 миңдей качкын топтолгонун кабарлады.