Аба ырайы: чукул билдирүү

Бир нече күнгө созулган жылуу аба ырайынан кийин, абанын температурасы кескин төмөндөйт.

Кыш күндөрүндөгү бир нече күнгө созулган жылуу аба ырайынан кийин, абанын температурасы кескин төмөндөйт. 9-11-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 9-10-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү топтолуп, жолдор тоңголок, тайгак болот.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

10-12-февралда абанын температурасы төмөндөп, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын өрөндөрүндө, Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7°, Талас өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -10…-15°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суукка, күндүз -13…-18° чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай аба ырайы автожолдордун абалын начарлатат, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

8-февралдагы аба ырайы:

Кыргызстанда 8-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -4...2, күндүзү 10...17 градуска чейин ысыйт,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...3, күндүзү 11...16 градус жылуу болот,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүзү 1…6 градус жылыйт,

Нарында түнкүсүн 17…22, күндүзү 2…7 градус суук болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүзү -4…-9 градуска чейин төмөндөйт.

8-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет. Абанын түнкү температурасы 0…2° жылуу, күндүзгү температурасы 15…17° жылуу болушу күтүлөт.