Баварияда темир жол кырсыгынан 8 киши набыт болду

Бавариядагы темир жол кырсыгы.

Германиянын Бавария аймагында бүгүн эки жүргүнчү поезд сүзүшүп кетип, бери дегенде 8 киши набыт болду. Полиция дагы 150 киши жараланганын, 50гө жакыны оор жаракат алганын маалымдады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары поезддердин бири рельстен чыгып, вагондору аңтарылып кеткенин кабарлашууда. Бир нече кишинин дагы эле чыгалбай жатканы да айтылууда. Кырсык Мюнхенден 60 километрдей алыс орун алган Бад Айблинг шаарчасынын жанында болгон. Анын себептери азырынча белгисиз.