Москвада каза тапкандар жерге берилди

Москвада өрттөн каза болгон алты кыргызстандыктын сөөгү бүгүн таңга маал "Сибирь" авиакомпаниясынын 967-авиакаттамы менен Ош шаарына алып келинди.

Маркумдардын жасатын кичи мекени Баткенге жеткирүү үчүн КамАЗ жана "Нива" үлгүсүндөгү унаа бөлүнүп берилген. 

Тилсиз жоодо кайтыш болгон дагы эки жарандын сөөгү Кыргызстанга бүгүн кечинде жеткирилет. 

30-январда Москвадагы тигүү цехтердин биринде өрт чыгып, 12 адам каза болгон. 

Кайыңды айылындагы эки кишинин үйүнөн бир мезгилде алты сөөк чыгарылды. Тажияга президенттин кеңешчиси Икрам Илмиянов да катышып, көңүл айтты. Ал мамлекет башчынын атынан ар бир каза болгон адамга жүз миң сомдон бөлүнгөнүн айтып, аны маркумдун жакындарына тапшырды. 

Москванын тергөө комитети өрт боюнча мүлктү атайлап жок кылуу деген негизде кылмыш ишин козгогон.

Каза тапкандардын сегизи кыргызстандыктар, экөө орус жарандыгын алган этникалык кыргыздар. Дагы экөө өзбек жараны.

Кайыңды айылы