Согуш жана махабат

27 жаштагы жигиттин аты Хасан, аны колуктусу - Наде 18де. Фотограф гуманитардык идеяны көздөгөнүнө карабастан, бир катар сүрөттөрдүн мааниси талаш жаратат.

Хасан Сирия армиясынын аскердик формасын кийип турат. 2011-жылы Хомстогу чабуулдарга дал ушул президент Асаддын армиясы катышкан. Анда миңдеген адамдар үйлөрүнөн гана эмес, өмүрлөрүнөн да ажыраган. 

Бир кезде бул шаарда 1,5 миллиондой киши жашаган. Азыр алардын саны бир топ кыскарган. 

Укук коргоочу уюмдар, ошондой эле Сириянын байистүү оппозициясы мамлекеттик армияны шаарга дары-дармек жана азык-түлүк жеткирүүгө тоскоолдук кылат деп айыптап келет.

Шаардын райондорунун бири үч жыл бою өкмөттүк күчтөрдүн курчоосунда турган. 2015-жылдын декабрында БУУнун көзөмөлү аркылуу жашоочуларды жана көтөрүлүшчүлөрдү ал жерден чыгарып кетүү иши уюштурулган.  

Эгер эвакуация толук ишке ашса, анда шаар толугу менен Асад аскеринин колуна өтөт. 

Фотограф Мерей талкаланган бул шаарда үйлөнүү-үлпөт тоюн биринчи жолу сүрөткө тартып жаткан жок. 

Фотограф согуш апаатына карабастан, тирүү адам тиричилигин уланта берет деп эсептейт. 

Хомс - Сириянын согуштаган талкаланган шаары. Сириялык фотограф жуш жубайларды сүрөткө тартып, "өлүмдөн өмур күчтүү экенин" көрсөткүсү келген.