Маданият министрлигинин кызматкерлерине сөгүш берилди

Кыргыз өкмөтү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коомчулук менен иштеп, кат-кабарларды кабыл алган жооптуу кызматкерлерине сөгүш жарыялады. Жума күнкү өкмөт жыйынында айтылгандай, былтыр министрликке түшкөн 543 кайрылуунун 27% жоопсуз калган.

Министр Алтынбек Максүтов кайрылуулар өтө көп, бирок айлыктын аздыгынан адистер жетишсиз экендигинен айрым каттарга жооп берүүгө мүмкүн болбой жатканын айтты.

Маалыматка караганда, министрликте 45 кызматкер иштейт. (SE)