Ысык-Көл районунда эшек уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты. Алардын бири Нарындан, экинчиси Бишкектен жана дагы бирөө Жети-Өгүздөн экени аныкталды. Милициянын маалыматына караганда, баары тең эшектин терисин сатуу үчүн жергиликтүү тургундардын короосуна ууруга кирип жүргөнүн, буга чейин 4 жандыкты уурдаганын моюнуна алды.
Корумду жана Жаркынбаев айылдарынан уурдалган 4 эшектин териси Бишкекте 4-5 миң сомго сатылганы, ал эми эти талаага калтырылганы маалым болду.
Кылмышка шектүү жарандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат. (RK)