Ярославлда бир үйдөгү жарылуу жети өмүрдү алды

Кырсык чалган жерде куткаруу иштери уланууда. Ярославл, 16-февраль, 2016.

Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү Ярославл шаарындагы бир көп кабат үйдөгү жарылуудан жети адам мерт болгонун өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги кабарлады. Алардын арасында эки бала да бар. 16-февралга караган түндөгү бул жарылуудан үйдүн бир подъезди толугу менен кыйрап калган.

Расмий маалыматта жарылууга турмуш-тиричилик газы себеп болгону айтылууда. Кырсык болгон жерде учурда издөө жана куткаруу иштери уланууда.

Бул үйдү тейлеген ишканага "Коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.