Бишкек: Шаардык кеңеш мэрликке Ибраимовдун талапкерлигин колдоду

Бишкек шаардык кеңешиндеги фракциялардын баары Албек Ибраимовдун талапкерлигин колдошту. 

27-февралда Бишкекте мэр шайлоо өтөт. Ибраимовду кечээ КСДП фракциясы көрсөткөн. Андан башка фракциялар эч кимди сунуштаган жок. (RK)