Сирия президенти парламенттик шайлоо күнүн жарыялады

Сирия, Дамаск.

Сирия президенти Башар ал-Асаддын 22-февралдагы жардыгына ылайык парламенттик шайлоо 13-апрелге белгиленди. Шайлоо Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин 18 айлык өткөөл мезгилде парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү чечимин аткарууга багытталганы-багытталбаганы азырынча белгисиз.

Бирок 2012-жылы шайланган Сирия парламентинин мөөнөтү май айында аяктап жаткандыктан, парламенттик шайлоо кандай болбосун өткөрүлүш керек. Апрель айына белгиленген шайлоо тууралуу жардыкта ар бир провинцияга парламентте орун берилген. (AiT)