Орус оппозициясы Кадыров боюнча баяндамасын жарыялады

Илья Яшин

Оппозициялык Парнас партиясы Чеченстан жетекчиси Рамзан Кадыровдун ишмердигин сындаган баяндамасын жарыялады. Партия жетекчиси Илья Яшин Кадыровдун ишмердигин "Улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет" деп баалады:

- Мен биздин өлкөгө коркунуч туулганын белгилегим келет. Орусиянын президенти Путин жасаган ал коркунуч - Рамзан Кадыров

Яшин бул баяндаманын негизги максаты коомчулуктун көңүлүн буруу жана Кадыровду кызматтан кетирүүгө жетишүү экенин билдирди.

Бул маалымат жыйыны алдында имаратка бомба коюлганы жарыяланып, полиция жыйын өтүшүнө каршылык көрсөттү. Яшин эч кандай бомба жоктугун айтып, "бомба бул жерде" деп колундагы баяндамасын көрсөттү. Ошентип каршылыктарга карабай маалымат жыйыны өттү.

65 беттен турган бул баяндаманы Рамзан Кадыров мунун алдында "курулай сөздөн башка эч нерсе эмес" деп атаган.

Баяндамада Рамзан Кадыров "Чеченстанда өз халифатын орнотуу менен жыргал турмушта шапар тээп, шариятты орус мыйзамдарынан өйдө койгон жана өзүнө аскерий күч түптөп жаткан жетекчи катары" сыпатталат.