Чехия Зика вирусу катталганын жарыялады

Зика вирусун чиркейлер таратат

Вирусту канча адам кантип жана кайсыл жерден жуктурганы азырынча белгисиз. Саламаттыкты сактоо тармагын тейлеген расмий өкүлдөр мунун чоо-жайы жакында айтыларын гана маалымдашты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму быйыл 1-февралда Зика вирусун глобалдык коркунуч деп атаган.

Башаты чиркейлерге барып такалган вирус эң көп жайылган чөлкөм-Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрү.

Зика вирусунун эң башкы кесепети - микроцефалия же балдардын башы кичинекей болуп төрөлүп, мээсинин өспөй калышы. (UE)