Нарында бийлик жергиликтүү активисттер менен жолукту

25-февралда кечинде Нарын облусундагы өкмөттүн өкүлү баш болгон бийликтер 27-январда Нарындагы митинг учурунда түзүлгөн комиссия мүчөлөрү менен жолукту.

Бийлик өкүлдөрү январдагы митинг учурунда коюлган бийик тоолуу аймактарга жеңилдиктерди калтыруу, камсыздандыруу мыйзамын токтотуу талаптарын өкмөт аткарганын кабарлашты.

"Бул тууралуу коомдук комиссиянын мүчөсү Эркин Асаналиев билдирди. Облус жетекчилери менен жолугушуу бүгүн да уланат. Анын жыйынтыгына жараша 27-февралга белгиленген митинг боюнча чечим кабыл алынат",- деди Эркин Асаналиев.

27-январдагы митингде электр энергиясына бааны арзандатуу, жөлөк пул төлөө жана башка социалдык талаптарды коюшкан. Тоолуктар талап толук аткарылган жок деп, 27-февралда митинг өткөрүүнү белгилешүүдө. (AiT)