Цюрихтe ФИФАнын конгресси өтүүдө

Бүгүнкү конгресстин башталышында ФИФАнын делегаттары 89% добуш менен футбол уюмун реформалоо боюнча айрым чараларды жактырды. Ал чаралар ФИФАнын эң жогорку жетекчилери үчүн кызмат мөөнөтүн киргизүү, алардын кирешелерин ачык болушун камтыйт.

Футбол федерацияларынын эл аралык ассоциациясы - (FIFA) бүгүн ошондой эле жаңы президентин да шайлашы керек.

Шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү чоң талапкер катары Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Сальман бен Ибрагим ал-Халифа каралууда.

Талапкерлер арасында УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантино, ФИФАнын вице-президенти, иордан канзаадасы Али бен ал-Хусейн жана мурда ФИФАнын жетекчилигинде иштеген Жером Шампань да бар.

ФИФАнын жаңы президенти бул абройлуу кызматтан коррупциялык жаңжалдан улам мөөнөтүнөн мурда кетүүгө мажбур болгон Зеп Блаттерди алмаштырат. (UE)