Бүгүн Бишкектин жогору жагында, Түштүк магистраль жана Бакаев көчөлөрүнүн кесилишине 50 чакты жарандык активисттер көчө автожарышына каршы пикирин билдирип митингге чыгышты.
Алар маал-маалы менен уюштурулган автожарыш жашоочулардын тынчын алып жатканын белгилешти. Колдоруна “Шаар автожарышка каршы”, “Биз шаардыктардын коопсуздугу үчүн”, “Түштүк магистраль – кандуу жол” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Акциянын катышуучулары өткөн айда кырсыктан бир киши каза болгонун, мыйзамсыз иштерге чара көрүүнү Бишкек мэриясынан өтүнүштү. (КЕ)