Үч баласын сатты деген аял камалды

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Сокулук районундагы Асылбаш айылынын тургуну үч баласын саткан деп шектелүүдө. Маалыматка караганда, 27-февралда аталган айылдын тургуну, шектүү аялдын күйөөсү жашы жете элек кызы менен баласын бейтааныш адамдарга 80 миң сомго сатып жибергенин айтып милицияга арызданган.

Мындан сырткары өткөн жылдын январь айында жаңы туулган ымыркайын Чүй облустук төрөт үйүнүн кызматкерлерине 2 миң сомго соодалаганы айтылат. Балдардын документтери өзгөртүлүп,туулгандыгы тууралуу күбөлүк жаңыдан жасатылган. Кылмышка шектүү делип балдардын апасы кармалып, “адам сатуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүүдө.

Ошондой эле балдарга документ берүүнүн мыйзамдуулугу, өспүрүм балдар менен иш алып барган Сокулук райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынып жатат. (КЕ)