Грузиянын армиясында алгачкы намазкана ачылды

Грузиянын коргоо министри Тина Кидашели.

Алгачкы намазкананы Грузиянын коргоо министри Тина Кидашели ачты.

Министр Кутаиси шаарында, жөө аскерлердин 3-бригадасындагы салтанат учурунда белгилегендей, Грузияда дин эркиндиги Конституция менен кепилденген.

Министр грузин аскер кызматчылары үчүн дагы эки намазкана жакын арада ачыларын кошумчалады.

Мусулмандар грузин калкынын 10% түзөт. Бирок буга чейин алардын активисттери мечит же медресе ачуу аракеттерине кастык мамиле жана бут тосуулар жасалып жатканын айтып келишкен.

2014-жылы Ажария аймагында медресе жайгашат деген имаратка белгисиз адамдар чочконун башын илип кетишкен эле. Жергиликтүү мусулмандар муну аларды кордоо катары кабыл алышкан. (UE)