Нарымбаев менен Коркмазовго байланыштуу сот 11-мартта уланат

Нарымбаев менен Коркмазов.

Хажимурат Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаевдин 8-марттагы маалымдоосуна караганда, жума күнү Бишкек шаардык сотунда боло турган жараянда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин катчысы жана жардамчысы суракка алынат. Алар Хажимурат Коркмазовдун Нарымбаевге пара алып келгенин көргөн-көрбөгөнү боюнча маалымат бериши керек.

Коркмазов менен Нарымбаев Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевдин соттук ишин жеңилдетүү максатында пара алган, деп айыпталууда. Биринчи Май райондук соту аларды айыптуу деп таап, үй мүлкүн мамлекетке алуу менен 3 жылдан эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Учурда маселе Бишкек шаардык сотунда каралууда. (AiT)