Германиянын үч аймагында шайлоо өттү

Германиянын үч федералдык аймагында ландтагга - жергиликтүү парламенттке шайлоо өттү. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө качкындардын жапырт агымы жана буга байланышкан маселе көңүл чордонунда болду. 

Акыркы сурамжылоолор боюнча, оңчул -популисттик "Германия үчүн альтернатив" партиясы  бардык аймактарда -  Баден-Вюртемберг, Рейнланд-Пфальц жана Саксония-Анхальтта алдыда.

Deutsсhe Welle үналгысы кабарлагандай, канцлер Ангела Меркелдин качкындарды кабыл алууну жактаган позициясынан улам, анын ХДС партиясы көп тарапкерин жоготту.  Өткөн жумадагы иликтөөлөр ХДС Баден-Вюртембергде таасирдүү болбой калганын көрсөттү. Башкаруучу ХДС/ХСС блогу 2017-жылда боло турган жалпы элдик шайлоонун алдында сезилерлик жеңилүү ызасын тартышы мүмкүн.