Орус маданият министринин орун басары уурулук боюнча кармалды

Орусиянын маалымат каражаттары маданият министринин орун басары Григорий Пирумов мамлекеттик каражатты уурдаган деген айып менен кармалганын жазып чыгышты. ИИМге таянуу менен жазылган кабарларда Пирумов 15-мартта Ростов-на-Дону шарында кармалып, Москвага суракка алып келингени айтылат. Ал өкмөт маданий мурастарга кирген имараттарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө бөлгөн каражатка кол салууга шектелүүдө. 53 жаштагы Григорий Пирумов бул кызматта 2013-жылдан бери иштеп жаткан.