Бишкекте Жусуп Баласагын тууралуу сүрөт-көргөзмө башталат

Жусуп Баласагындын "Кутадгу Билиг" - "Куттуу билим" китеби.

Михаил Фрунзе атындагы үй-музейде бүгүн ачыла турган саамалык «Жусуп Баласагын – улуу ойчул жана мамлекеттик ишмер» деп аталат. Музейдин жетекчилигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, көргөзмөдө Баласагындын “Куттуу билим” эмгеги, ойчул жөнүндө тарыхый-архитектуралык эстеликтер, анын мекени, орто кылымдагы кыргыздар тууралуу сүрөттөр коюлат.

Кыргызстанда быйыл Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленет. ТҮРКСОЙ уюму да быйылкы жылды Жусуп Баласагындын жылы деп жарыялаган. (NT)