Аксы окуясы Бишкекте эскерилет

Аксы району. Боспиек айылы.

Бүгүн Бишкектеги Медиа Форумдун имаратында Аксы окуясынын 14 жылдыгы жана 2010-жылдагы оппозициянын курултайынын алты жылдыгы эскерилет. Бул тууралуу “Айкɵл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка караганда, эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө Кыргызстандагы азыркы абал да талкууланат. Уюштуруучулар бийликти өткөндү унутпай, Аксы окуясынын себептерин эстеп жүрүүгө чакырышат. Талкуунун соңунда өлкөнү өнүктүрүү үчүн кандай реформалар керектиги сунушталган резолюция кабыл алынат.

2002-жылы 17-мартта ошол кездеги эл өкүлү Азимбек Бекназаровдун камалышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы болгон эл район борбору Кербенге жөө жүрүшкө чыгышкан. Боспиек айылына кире бериште тартип коргоо органдары аларды токтотуп, атылган октон беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, жалпысынан кандуу окуяда алты адам окко учкан. Мындан тышкары ондогон адамдар октон жараат алып, уруп-сабалган. (NT)