Стамбулда кайрадан жардыруу болду

Түркиянын Стамбул шаарында Истиклал көчөсүндө жардыруу болгону кабарланууда. CNN Türk телеканалынын маалыматына караганда, жардыруудан эки киши каза таап, жети киши жараат алган. Өлгөн эки адамдын бири жанкечти болушу мүмкүн. Учурда окуя болгон жерге унаалардын кирүүсүнө чектөө киргизилип, коопсуздук кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Расмий бийлик жардыруу боюнча азырынча маалымат тарата элек.

Истиклал көчөсү Стамбулдагы элдин агымы жыш туристтик борборлорунун бири болуп эсептелет.