Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө

Нооруздун урматына мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоп, быйылкы Нооруз майрамы Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгына туш келгени менен өзгөчө экенин айтты жана бул кыска аралыкта кыргызстандыктар кылымга тете процесстерди башынан кечирип, эли да, коому да, мамлекети да таанылгыс өзгөргөнүн баса белгиледи. 

"Кыргыз мамлекетинин максаты бийик, келечеги кең!" деп айтылат өкмөт башчы Темир Сариевдин Ноорузга карата кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда.

Бишкек шаары

Бишкек шаары

Ош шаарындагы бүгүнкү Нооруз майрамы толугу менен балдар майрамы болгондой. Оштун парктарында, борбордук аянтында, ар улуттун өкүлдөрү балдарын жетелеп чыгып майрамдык шаӊ менен жүрүшөт. Парктардагы селкинчектерде кезек күткөн эле эл. Оюнчук жана жеӊил тамак саткандардын соодасы абдан кызыган.

Ош шаары. 

Ош шаары. 

Ош шаары. 

Ош шаары. 

Орусия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш аймагынын Хабаровск шаарында жалпы түрк тилдүү элдер Нооруз майрамын белгилешти. Хабаровск шаары

Бул жерде Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Кыргызстандын диаспоралары өздөрүнүн майрамдык иш-чараларын, улуттук тамак-аштарын, ыр-бийлерин тартуулашты. Хабаровск шаары

Мындан сырткары Ыраак Чыгыш аймагынын ардак консулу Кадырбек Мырзабаевдин колдоосу астында футбол жана волейбол мелдештери болуп өттү. Хабаровск шаары
 

Бишкек шаары

Бишкек шаары