Сариев: "Жалган патриоттор” элди козутканга аракет кылууда

Аксыда жыйналган эл.

"Айрым “жалган патриоттор” чек ара маселесин өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп, элди козутканга аракет кылууда", деп билдирди бүгүн Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш сапар менен барган премьер-министр Темир Сариев.

- Чек ара маселелери мындай жол менен чечилбейт. Мен кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук менен мамиле кылган калкыбызга ыраазымын.Түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча Тышкы иштер министрлиги 16 пункттан турган атайын план иштеп чыкты, - деди Темир Сариев.

Премьер-министр иш сапардын алкагында нааразылык акцияларын уюштурууну каалагандар менен да жолугарын белгиледи.

Ал кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу жагдай түзүлгөндөн тарта дипломатиялык жаатта керектүү иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асановдун "Азаттыкка" айтуусунда, Сариев Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун толук кандуу мүчөсү экенин белгилеп, коңшу өлкөлөр менен паритеттик негизде диалогго даяр экенин билдирди.

«Чек ара маселелерин чечүүдө биз мыйзамдуу жолдор менен аракет кылышыбыз керек. Бул маселени жамынып митинг, пикет өткөрүүгө эч кандай негиз жок. Өлкөбүздүн экономикасы туруктуу түрдө өнүгө баштаган учурда мындай нерселердин кереги жок. Чек ара маселелерин биз сөзсүз түрдө чечебиз. Бирок буга убакыт жана дипломатиялык мамиле керек. Күч менен эч качан чечилбейт", деди өкмөт башчы. (RK)