Киевде 16 жыл мурун өлтүрүлгөн журналисттин сөөгү жерге берилет

Георгий Гонгадзе

Украина баш калаасында мындан 15 жыл мурун киши колдуу болгон журналист Георгий Гонгадзенин сөөгү бүгүн жерге берилет. Бул тууралуу “Интерфакс” маркумдун адвокаты Валентина Теличенкого таянуу менен кабарларды.Коштошуу зыйнаты жабык өтөт. Фото жана видео тартууга уруксат берилбейт.

“Украинская правда” интернет басылмасынын негиздөөчүсү Георгий Гонгадзе 2000-жылдын 16-сентябрында дайынсыз жоголгон. Бир жарым айдан соң башы кесилген сөөгү табылган. Туугандары аны тааныганы менен апасы Леся Гонгадзе сөөк уулунуку экенинен шекшип келген. Мындан улам сөөк 15 жыл бою жерге берилген эмес. Журналисттин апасы 2 жыл мурун көз жумган.

Гонгадзе төбөлдөрдүн коррупциялык иштери жана мыйзамсыз аракеттери жөнүндөгү көп макала жазган.

2013-жылы анын өлүмүнө Украина Ички иштер министрлигинин мурунку кызматкери Алексей Пукачты күнөөлүү деп таап, өмүрүнүн аягына чейин абакка кескен.