Президент кыргыз-орус фондунун ишин талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алып, аталган уюмдун ишин талкуулады.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Алмазбек Атамбаев жакынкы айларда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана айыл чарбасын каржылоо үчүн 10 млрд сомдон кем эмес каражат Кыргызстандын банктары аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө бөлүнүшү керектигин айтты.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирген алгачкы жылдары колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ага Орусия каражат бөлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата фонддун эсебинен Кыргызстандын жеке жана орто бизнесине 5 жылдык мөөнөткө 12% менен 70 миллион сомдон ашуун насыя берилди.

ЕАЭБге Кыргызстан былтыр жайында кирди. Учурда жергиликтүү ишкерлер жаңы рыноктун ачылышына, атаандаштыкка туруштук бере албай, чыгымга учурап жатканын айтууда. (RK)