Түркия күрттөрдүн турумдарына сокку урду

Күрт жумушчу партиясынын колдоочулары. Диярбакыр, Түркия, 21-март,

Түрк аскер учактары Ирактын түндүгүндөгү Күрт жумушчу партиясынын лагерлерине чабуул коюп, ондогон согушкерлерди жок кылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Аскердик операция шаршембинин кечинде болгон.

F-16 жана F-4 учактары ок-дары сакталган кампалар, козголоңчулардын баш паанасы болгон 11 объектти талкалашканы кабарланууда.

13-мартта Түркиянын борбору Анкарада жардыруу болуп, андан 37 адам набыт болгон. Буга күрт козголоңчуларын айыптаган түрк бийлиги ошондон бери бир нече ирет алардын турумдарына абадан сокку урган.