Жергиликтүү депутаттар шайланды

Өкмөт былтыр октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу сыяктуу эле бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы добуш берүү. 

Бул жолку шайлоодо ID картасы бар жарандар гана добуш берүүдө. Ак-Талаа району.

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы шайлоо тилкеси. 

Ак-Талаа районундагы добуш берүү. 

Бүгүнкү добуш берүүдө элди шаардык кеңештердеги шайлоолор көбүрөөк кызыктырууда. Атап айтканда, эл Ош, Кемин, Токмок, Балыкчы жана Караколдо шаардык кеңештериндеги талапкерлер үчүн добуш берип жатат. Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов добуш берүүдө. 

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун “Азаттыкка” билдиришинче, аймакта укук коргоо органдары 17-марттан тарта Нооруз майрамы, оппозициянын курултай өткөрүү ниети жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо жараянына байланыштуу күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ош шаары. 

Бүгүн 73 шайлоо участкасынын ар бирине 10дон милиция кызматкери бекитилип, абалга көз салууда. Мындан тышкары, аймакта 1050 элдик кошуундун мүчөлөрү иштеп жатат. 

Ош шаарындагы маалымат жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев айрым шайлоо тилкелеринде операторлордун кемчилигинен улам система иштебей калган учурлар болгонун, бирок алардын баары калыбына келтирилгенин айтты. Ош шаары. 

Ош шаарындагы добуш берүү үчун кезек күткөн шайлоочулар.

Ош шаардык кеңешине шайлоого 13 партия катышып жатат. Ош шаарында жалпы шайлоочулардын саны 117 миң 752 адамды түзөт.

Байкоочулар Ошто шайлоочулардын тизмесин алып, акча берген учурлар болгонун айтышууда. Сүрөттө шайлоочулардын тизмесин көтөргөн делген адам. Ош шаары,

Шайлоочулардын тизмесин алып, акча тараткан делген адамдар. Ош шаары

Байкоочулар шайлоо тилкесинин сыртында адамдардын добуштар сатып алган учурлары болгонун айтышууда. 

Ош шаарында шайлоо күнү журналист Жылдыз Бекбаева баштаган активисттер "Добушум сатылбайт!" деген акция жүргүзүштү. 

"Добушум сатылбайт!" акциясынын уюштуруучулары.