16:00: шайлоочулардын 40 пайыздан ашыгы добуш берди

Оштогу добуш берүү.

Ош шаарында 51 984 киши, же шайлоочулардын 44% добуш берди. Калган аймактарда да саат төрткө карай шайлоочулардын 40 пайызы добуш берүүгө жетишти.

Бүгүн Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарында жана Ош шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өкмөт буга чейинки парламенттик шайлоодогудай эле бул жолу да добуш берүүнү биометрикалык системанын негизинде уюштурду.

Шайлоо участоктору бүгүн кечки саат сегизде жабылат.