БШК: Шайлоо тынч өттү

Бүгүнкү шайлоо жалпысынан тынч өттү, кандайдыр бир орчундуу маселелер жаралган жок. Бул тууралуу ушу тапта БШКда өтүп жаткан пресс-конференцияда мекеме башчысы Туйгуналы Абдраимов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү жараянга добуш берүү укугу барлардын 56% катышты.

Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 2-3 күндө чыгат. (RK)