«Мага баары бир эмес!» жарандык форуму өтөт

Бүгүн Бишкекте жарандык коомдун Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү ролун талкуулаган жыйын болот. Күн тартибине кирген маселелер: жарандар жана парламентаризм, бизнес жаңы шартта, Кыргызстандагы тарых саясаты.

«Мага баары бир эмес!» деген аталыш менен уюштурулуп жаткан мындай акция алгач бир жыл мурда өткөн.

Иш-чаранын соңунда өлкө жетекчилигине кайрылуу кабыл алынып, «Атуул» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылат. (RK)