Мамлекет унаа номурларын жасоодон көбүрөөк пайда көрө баштайт

Мамлекеттик каттоо кызматы унаага тагылуучу номурларды жасоодон түшкөн пайда бир нече эсе көбөйөрүн маалымдады. Мекеменин билдиргенине караганда, буга чейин номур жазылган белгилерди «Анкер» жеке ишканасы чыгарчу жана түшкөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү өзүндө калчу.

Бул компания менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү эртең, 31-мартта аяктап, анын ордуна мамлекеттик компания менен кызматташтык башталат.

Натыйжада унаанын ээси төлөгөн акчанын 50% мамлекетке түшүп турмакчы.

Жаңы үлгүдөгү белгилер 1-июндан тарта чыга баштайт.

4-мартта Мамкаттоонун алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы «Типография №2» компаниясы менен жалпы баасы 2 миллион сомдук жабдуу жана керектүү материалдарды сатып алуу тууралуу келишимге кол койгон. (RK)