Самаковдун соту: Күбөлөр тергөөдө коркутуу болгонун ырастоодо

Карганбек Самаков.

Мурдагы депутат Карганбек Самаковдун сотунда айыпталуучунун күбөсү тергөө тарабынан коркутуу болгонун кабарлады. Нотариус Эркин Андабеков бүгүнкү сотто 2011-2013 жылдар аралыгында бардык сатып алуу келишимдерин ал өзү каттаганын билдирип, жер сатууда эч кандай мыйзам бузуу болбогонун билдирди.

- Кара-Жыгач, Байтик айылдарындагы жерлерди убагында күбөлөндүргөнсүң деп мени 3-4 жолу тергөөгө чакырып, Самаковго каршы көрсөтмө бер, деп коркутушту. Болбосо соттоп, отургузабыз деди. Мен азыркыга чейин түшүнбөй турам, эмне үчүн мындай кылганы жатышат, – деди Эркин Андабеков.

Өз сөзүндө нотариус Андабеков башкы прокуратуранын тергөөчүсү Жеңиш Сейитов жана Кубанычбек аттуу прокурор тарабынан коркутуу болгонун кошумчалады.

Айыпталуучунун дагы бир күбөсү Самат Керимкулов 2005-2008 жылдары Аламүдүн районунун акими болгонун айтып, жерлерди трансформациялоодо бардык документтер толук болгондуктан кол койгонун ырастады. Ал 2008-жылы Медет Садыркулов менен жолугуп, трансформация мыйзам чегинде жүрүп жатканынан кабар алганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнөн 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. Ага каршы өткөн жылы май айында кылмыш иши козголгон.

Самаков өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет.