Өкмөт Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирет

Ысык-Көл жээгиндеги Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионат толугу менен Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүлөт. Мындай токтомго 4-апрелде өкмөт башчы Темир Сариев кол койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ысык-Көлдөгү "Рахат", "Дилором", "Золотые пески" жана “Бустон” пансионаттары ушу кезге чейин Өзбекстандын карамагында болуп келген.

Мындан мурдараак кыргыз өкмөтү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы бир катар социалдык объекттерди өз карамагына алган болчу. (UEz)